Башкы прокуратура: «Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги пайдасыз келишим түзүп, 55 миллион сом зыян келтиришкен»

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы келишим түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

2021-жылдын 8-июлунда “M.V.ch” Бахрейн компаниясы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда министрликте дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз негизде кызмат көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Ага карабастан министрликтин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын «TC. I. T.» компаниясы менен келишим түзүп, 54 миллион 836 миң 316 сом которгон.

Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык долбоорду эч кандай мамлекеттик чыгымдарсыз бекер ишке ашмак. Бирок министрликтин жетекчилиги жеке кызыкчылыктардын негизинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн. Натыйжада, мамлекетке 54 миллион 836 миң 316 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.