Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги мыйзам бузууларды аныктоону улантууда

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат берүүсүн улантып жатат. Бүгүн, 6-июнда жүргүзүлгөн текшерүүдө министрликтин кызмат адамдары кызматынын абалынан пайдаланып, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталганын билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын кызмат адамдары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен 2021-жылдын 20-майынан 19-ноябрына чейинки алты ай аралыгында мамлекеттик кызыкчылыктарына каршы кызмат абалдарын пайдаланышып, иммуносупрессивдүү дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алуу максатында, конкурстардын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарып, эки лот боюнча дары-дармектердин баасын жогорулатуу менен бардык жети лот боюнча сатылып алынган дары-дармектердин санын азайтышкан. Андан соң, 2021-жылдын ноябрында алар «Ю.Х.» ЖЧКсын конкурстун жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, аны менен 41,1 миллион сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүшүп 4 миллион 508 миң 975 сомго мамлекеттик таламдарга зыян келтирилген.

Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.