Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына жана алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөргө карата коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында айрым адамдар тарабынан жогорку сапаттагы заманбап жабдууларды колдонуу менен алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды көп санда мыйзамсыз даярдоо уюштурулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте жарандын жашаган жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), 8 миң сапаты күмөн жараткан алкоголдук продукциялардын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган буюмдар жана каражаттар алынган. Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан жаранга жана башка адамдарга, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“коррупция”) боюнча кылмыш иши козголду.
Алар Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.