Башкы прокуратура: УКМКнын тергөөчүсү 15 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

Кечээ, 19-январда Башкы прокуратурага О.А. аттуу жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Т.Ы. аттуу тергөөчүсүнө жана аталган башкармалыктын башка кызмат адамдарына карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Арызда ага карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн жогоруда аты аталган кызматкерлер 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылышкандыгы көрсөтүлгөн. Аталган арыздын негизинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 20-январда Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды. Азыркы тапта бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөл, укук коргоо органдарындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун негизинде жүргүзүлдү.

Бул багыттагы иш-аракеттер улантылууда.