Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Башкы прокуратурага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн. Матариалдарга ылайык, 12-мартта саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлерин Жогорку Кеңештин депутаты баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен. Учурда кылмыш иши боюнча 2 жаран кармалган.

Мыйзам талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иш козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат. Ошондуктан Башкы прокуратура депутатка карата Жазык кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди», — деп айтылат маалыматта.