Башкы прокурор Зулушев экс-министр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштери боюнча түшүндүрмө берди

Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон бардык кылмыш иштери кылмыштын негизинде козголгонун башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Журналисттер иш козголуп, анан жабылып калгандыктан, прокурорлор жазаланабы деген суроо салышты. «Иштер козголуп, тергөө иштери жүргүзүлдү. Түшүнбөстүктөр болду, аны билесиңер. Ал массалык маалымат каражаттарына бир нече жолу кайрылды. Бирок биз жооп берген жокпуз. Баардыгы ачык-айкын болушу үчүн материалдарды тергөөгө укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Тергөөнүн жыйынтыгы менен алар кылмыштын курамы жок деген бүтүмгө келишкен. Биз буга макул болдук», — деди Зулушев.

Прокурорлорду жазалоо боюнча башкы прокурор Бейшеналиев анын укугу бузулду деп билдирүү жасаса, прокуратура муну карай турганын билдирди.