Баштыктагы 7 миллион рубль. Орусияда кыргызстандык аялга сот өкүм чыгарды

Орусиянын Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту 27-октябрда кыргызстандык 45 жаштагы аялга карата өкүм чыгарды. Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (уурдоо) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

2021-жылдын 4-ноябрында таңкы саат жетилер чамасында кыргызстандык аял адаттагыдай эле жумушка бара жатып, кара сумка таап алган. Полициянын маалыматы боюнча, анда ири суммадагы акча – 7 миллион рубль болгон. Аялдын өзү баштыкта ​​акча болбогонун айткан. Келин 2021-жылдын ноябрь айынан бери камакта болчу.