«Башы жок дене табылды деген калп». Степное айылында жүрөк үшүн алган окуя катталды

Жайыл районуна караштуу Степное айылында аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-сентябрда саат 21:40 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө чалуу түшүп, Степное айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, бычактан бир нече жаракат алган 60 жаштагы аял кишинин жансыз денесин табышкан. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, коңшулары сурак берген. Алар 5-сентябрда саат 17:00 чамасында маркумдун үйүнөн түтүн чыгып жатканын байкашканын, уктоочу бөлмөсүндө аял кишини байкабагандыгын жөн гана матрац күйүп жатканын көрүп, аны үйдөн алып чыгышканын, окуяны жээнине айтканын билдиришкен. Дарекке барган жээни аял кишинин жансыз денесин таап, милицияга чалган.

«Маркум үйүнөн башы кесилген, үйү өрттөлгөн абалда табылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал бычактан бир нече жаракат алган. Үйүндө эч кандай өрт болгон эмес. Учурда кылмышка шектелген жаранды издөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.