«Башы менен музга тийген». Нарын дарыясынан жансыз денеси чыгарылган жарандын аты-жөнү такталды

23-декабрда Нарын дарыясынан жансыз дене чыгарылган. ӨКМ эркек киши көпүрөдөн өтүп баратып түшүп кетип, каза болгонун билдирген.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, факты ошол күнү Нарын РИИБдин каттоосуна алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда Нарын районунун Дөбөлү айылынын 1976-жылы туулган жараны Нарын дарыясынын үстүндөгү тоңгон музга башы менен тийип, окуя болгон жерде көз жумган. Жансыз дене өлүкканага жеткирилип, кароо жүргүзүлгөн учурда киши колдуу болгон белгилери аныкталган эмес. Азыркы учурда эмнеден каза болгондугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун жансыз денесин туугандарына берилген. Азыркы учурда бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.