«Башына баштык кийгизип, тырмак алдына ийне сайып». Кыргызстанда кыйноонун кандай ыкмалары колдонулары айтылды

Улуттук кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков 7-июндагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстанда жарандар кандай кыйноолорго туш болушарын айтып берди.

Анын айтымында, арыздар көбүн эсе милиция кызматкерлерине карата түшөт.

Камакка алынгандар негизинен төмөнкүдөй кыйноо ыкмаларына даттанышат:

— Атайын жабдууларды колдонуу: таякча, электрошокер;

— Желим баштык кийүү аркылуу муунтуу. «Бул адам өзүн жана физиологиялык функцияларын толугу менен башкара албай калган эң катаал жана бузуку ыкма»,- дейт Рысбеков.

— Колу, буту менен ургулоо;

— Кээде суу, кум толтурулган желим бөтөлкөлөр менен сабап, калың китептер, журналдар да колдонулат.

— Эч кандай из калтырбаган айрым ыкмалар;

— Айрым учурларда тырмактын астына ийне саюу.