«Башына, курсагына уруп, эс-учун жоготкондо уктаганы кетип калган». Ысык-Көлдө 44 жаштагы аял ооруканада көз жумду

Ысык-Көлдө 44 жаштагы аял ооруканада көз жумду. Анын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

10-май күнү милицияга райондук-аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1978-жылы туулган Бостери айылынын тургуну денесинен алган жаракаттары менен оор абалда түшкөнү маалымдалган. Реаниматологдун маалымытына ылайык, аялдын баш мээсине оор жаракат кеткендигинен, кома абалына түшкөн.

Аталган  факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 50 жаштагы жогорудагы аялдын күйөөсү Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмышка шектүүнү суракка алууда 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, дене жаракаттарын келтирип, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон. Эртеси 10-май күнү таңкы саат 6:00дө 2002-жылы туулган уулу үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготкон абалында таап, Тез жардам чакырган. 11-май күнү аял эсине келбестен каза болгон. Тергөө амалдары уланууда.