«Башына баштык кийгизип, арматура менен сабашкан». 4 милиция кызматкери кыйноо кылмышы боюнча кызматтан кетти

Милициянын 4 кызматкери кызмат абалынан пайдаланып шектүүгө күч колдонгону аныкталып, алар кызматтан алынды. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунан маалымдашты.

Жалал-Абад ОИИБинин 3 кызматкери, Токмок ШИИБинин (мурун Жалал-Абад ОИИБиде иштеген) 1 кызматкери Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен убактылуу кызматынан четтетилишти. Алардын төртөө тең баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2019-жылы баңгизат сатууга шектелип кармалган Токтогул районунун Торкен айылынын 29 жаштагы тургунуна күч колдонушкан. Шектүү күнөөсүн моюнуна албай, далил буюмдарды ага салып коюшканын билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча шектүүнү милиция кызматкерлери сабап, тээп, башына полиэтилен баштыгын кийгизип, арматура менен сабашкан. Анын жыйынтыгында ал эс-учун жоготуп койгон.

«Справедливость» уюмунун жактоочусу Нурислам Райимжановдун айтымында, экспертиза жүргүзүлүп, шектүүгө карата күч колдонуу аракеттери болгону далилденген. Укук коргоочулардын билдиришинче, милиция кызматкерлери 3 жыл бою орган кызматында иштеп келишкен. Качан гана Жалал-Абад прокураторасы ишти көтөрүп чыгып, Акыйкатчы аралашканда кызматкерлер жумуш ордунан четтетилишкен. Кызматкерлердин жумуштан кетирүү тууралуу токтомдун көчүрмөсү ИИМге жөнөтүлдү.