Батир ызы-чуусу. Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери соттолгон офицерлерди коргошту

Маалымат жыйында Куралдуу күчтөрдүн жана Баткен окуясынын ардагерлери Жал кичи районундагы батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөндүгү үчүн соттолгон Коргоо министрлигинин офицерлеринин негизсиз соттолгонун айтышты.

Сатыбек Молдалиевдин айтымында, Куралдуу күчтөрдүн офицерлери негизсиз соттолгон.

«5 жыл ичинде 11 адамдын соттук иштери өтүп жатты. Акырында, аларды сот күнөөлүү деп тапты. Аскердик прокуратура биздин кесиптештерди батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деп айыптап жатат. Бирок көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлери Коргоо министрлиги аркылуу да турак жай алышкан. Айыптоонун логикасы кайда? Батирлерди бөлүштүрүү эң оор маселе»,- деди ал.

Эске салсак, мурунку коргоо министри Таалайбек Өмүралиев баш калаанын Жал кичи районундагы көп кабатуу үйдүн батирлерин аскер кызматкерлерине мыйзамсыз бөлүштүрүп берген деп айыпталууда. Жогорку Сот ишти кайрадан кароого Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөттү.

2021-жылы март айында Таалайбек Өмүралиевге 5 миллион сом айып салынган. Калган айыпталуучулар «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу аларга эч кандай жаза дайындалган жок.