Баткен жана Лейлек районунда сел жүрдү

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 10-июлда Баткен районунун тоолуу аймактарында жааган нөшөрлүү жаандан улам Айгүл-Таш — Согмент унаа жолунун 3-9-чакырым аралыгына, Баткен — Боз-Адыр унаа жолуна (чакырымы такталууда) сел суулары келип, жол убактылуу жабылган.
Учурда жеринде ыкчам топ, ошондой эле №2 жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч техникасы иштеп жатат.
Ал эми Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң-Өзгөрүш унаа (чакырым такталууда) жолуна сел суулары келип, убактылуу жол каттам токтогон. Ошондой эле Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сай аркылуу суу Раззаков — Баткен унаа жолуна (чакырымы такталууда) түшкөн. Ушул тапта жол каттам бар. Аталган аймактарда да ыкчам топ жумуш алып барууда.
Мындан сырткары, Баткен шаарынын аймагында жааган жаандан кийин келген сел суулары Чет-Булак кварталындагы сел өткөрүүчү сайында өз нугунда жүрүүдө. Жеринде көзөмөл жүргүзүлүп жатат.