«Баткен-Комфорт» базарынын жетекчилиги кармалды. Алардын салык төлөөдөн качышканы айтылды

«Баткен-Комфорт» базарында өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз жыйымдар, курулуш нормаларын бузуу жана салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК соода базарлары тарабынан салык мыйзамдарын бузууларды аныктоо, ошондой эле ишкердиктин субъектерине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулткан базардын жетекчилери менен эсепчи-кассири кармалды. Чогулган акча жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзөт.

Ошол эле учурда, ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес. Мындан тышкары, 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33 пайызга жогорулаткан. Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 9-декабрда төмөндөгүлөр кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

1. 1963-жылы туулган Ш.М.А., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары.
2. 1977-жылы туулган Т.Б.Б., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директору.
3. 1958-жылы туулган С.О.Н., “Реконс” ЖЧКсынын кассир-бухгалтери.

Бул “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4 чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев.