Баткен милициясы: «Асынган абалда табылган жарандын колу-буту байлануу болгон эмес»

Интернет булактарында «Баткен тургуну айылдын четиндеги сарайдан колу-буту байланып, асынган абалда табылды» деген материалга Баткен облустук милициясынан түзөтүү таратылды.

23-февралда Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну 40 жаштагы бир тууган иниси өзү жашаган үйүнөн 17-февралда чыгып кеткен бойдон жүргөн жери белгисиз экендигин билдирип, арыз менен кайрылган. Бул арыз катталып, дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иштери жүргүзүлгөн. Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде ошол эле күнү саат 17:25 чамасында издөөдө жүргөн жаран өзүнүн үйүнө кошуна жайгашкан эч ким жашабаган короодо асынып алып каза болгондугу белгилүү болгон. Анын колу-буту байланган деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, адамдын жансыз денесине кароо жүргүзгөн. Кароо мезгилинде окуя болгон жер, тактап айтканда ал кошунасынын мал сарайы экендиги, ал эми окуя болгон жерге кароо жүргөн учурда айылдын тургундары тарабынан жарандын жансыз денесин өзүнүн үйүнүн бөлмөсүнө алып кирип койгону, анын мойнунда жиптин изи калгандыгы аныкталган. Маркумдун бир туугандары жансыз денени ички изилдөөдөн баш тартышып, окуя боюнча эч кимге арыз доосу жок экендигин билдиришип, тил кат менен кайрылышкан. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.