Баткенде чек ара кызматкери өзүн-өзү атып каза болду

Кечээ, 4-июнда 2003-жылы туулган Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери ок атуучу курал колдонуп, өзүн-өзү атып, каза болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган жоокер 2021-жылы жазында аскер кызматына чакырылган. Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө максатында Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин да 1-июнда Баткенде 2001-жылы туулган чек арачы атылган октон каза болгон. Чек ара кызматы куралды этиятсыз колдонуунун кесепетинен каза болгон УКМКнын бир аскер кызматкеринен сырткары дагы бири жаракат алганын билдирген. 3-июнда анын эсине келбей көз жумганы маалымдалды.