Баткен облусунда жер титиреди

Бүгүн, 6-май күнү саат 11:58 чамасында Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында катталган.

Ал эми калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Булак-Башы, Кольцо айылдарында 3,5 баллга, Сүлүктү шаарында, Бешкент жана Карл Маркс айылдарында 3 баллга Раззаков шаарында 2,5 баллга жеткен.