Баткенде жыл башынан бери аткезчилик менен ташылган 80 тонна күйүүчү май аныкталды

Жыл башынан бери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана УКМК чек ара кызматы күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз экспорттоого аракет кылган 20дан ашык жүк ташуучу унааны кармады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган күйүүчү-майлоочу материалдардын жалпы көлөмү 80 тоннадан ашык болгон. Комитет чек арага жакын аймактарда кыргызстандык жарандардын унаалары айыл чарба жана башка муктаждыктар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды көп алып өтөрүн, аны бийликти айыптоого кызыкдар тараптар контрабанда фактысы катары сыпаттап жатышканын белгиледи.

Буга байланыштуу УКМК бийликке болгон негизсиз айыптоолорго жол бербөөнү суранат. «Ушул жылдын 3 айында жүргүзүлгөн анализ Лейлек районунан расмий түрдө 10 миң тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май алынгандыгын көрсөттү. Ошол эле учурда жазгы талаа жумуштарына орто эсеп менен 955 тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май керектелет, ал эми 9 миң тоннадан ашыгы Лейлек районунун 65 май куюучу бекеттеринин ортосунда бөлүштүрүлөт. Ошондой эле, «Кыргызнефтегаз» ишканасы Лейлек районунда кудуктардан бензин өндүрүп иштеп келет. Ишкананын күйүүчү май ташыган унаалары чийки затты кайра иштетүү үчүн Баткен облусунан Жалал-Абад облусуна ташыйт», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн «Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан мунай зат жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомунун алкагында УКМК аткезчилик менен күрөшүү боюнча иш алып барууда.