Баткен облусунда коронавирус менен күрөшүүдө акча каражаттары негизсиз сарпталган

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан COVID-19 коронавирус илдетине каршы күрөшүү багытында сарпталган акча каражаттарынын негиздүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругунун талаптарын одоно түрдө бузуу менен 545 миң 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук акты келтирилип, аны кароонун негизинде 545 миң 480 сом мамлекеттин эсебине кайтарылды.