Баткен облусунда сел жүрүп, убактылуу жабылган жолдор тазаланып, ачылды

Бүгүн, 13-июнь күнү түнкү саат 01:00 чамасында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыты) Охна участкасы, ошондой эле Жийделик — Ак-Кыя жана Бел-Божой унаа жолдору тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Кечээ, 12-июнда жогоруда аталган жолдордо сел жүрүп, каттам убактылуу жабылган. Тынымсыз тазалоо иштеринин натыйжасында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (жаңы багыт) 125-чакырым аралыгы дагы ачылып, каттам жанданды.
Азыркы тапта Коргон-Чаувай унаа жолунда тазалоо иштери жүрүүдө, жол жабык. Ошондой эле, Айгүл-Таш — Согмент — Таян унаа жолунда каттам үчүн кыйынчылык жаралууда. Жеринде №2, №46 Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери иштеп жатышат.