Кадамжай районунда жол кырсыктан бир адам мерт кетти (сүрөт)

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алга айыл аймагындагы Жаңы-Чек айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июнда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 158-чакырымында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу «103» кызматынан маалымат түшкөн. Маалым болгондой, BMW үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып кеткен. Унаанын ичинде төрт эркек киши болгон, бирөө жеринде каза болгон. Жабыркаган эки адам Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми бирөө кырсыктан аман калган.

«Каза болгон 1978-жылы туулган Өзбекстандын жараны. Маркумду куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп айтылат билдирүүдө.