Баткен ОИИБдин башчысынын орун басарынын өлтүрүлүшү. Шектүү 13 жылга соттолду

Ушул жылдын 27-март күнү милицияга Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн көкүрөгүнөн жаракат алып, 1974-жылы туулган жарандын каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери ооруканага барганда Баткен ОИИБинин начальнигинин орун басары милициянын подполковнигинин жансыз денесин белгисиз жарандар Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен.

Милиция кызматкерлери Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы жаран жана анын кылмыштуу шериктери кармалганын билдиришкен. Баткен облустук милициясынан Аскарали Мухамадиевдин 47 жашында каза болгонун маалымдашып, жергиликтүү басылмалар анын киши колдуу болгонун жарыялашкан.

Бүгүн, 28-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан кылмышка шектүүгө карата райондук сот 13 жылга эркинен ажыратылганын, бирок жактоочусунун апелляциялык арызы менен Баткен облустук сотуна кайрылганы маалым болду. Облустук сотто иш 30-ноябрда каралат.