Баткен стадионундагы төшөлгөн асфальтка чыккан чөп. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

Коомчулуктун көңүлүн бурган жаңы гана оңдоп-түзөөдөн өтүп, чөп чыгып кеткен Баткендеги стадиондун иши боюнча Башкы прокуратура маалымат таратты.

«Баткен муниципалитетинин кызматкерлери тендер өткөрбөй туруп «С» аттуу жеке ишкердин подрядчиктерин стадионду асфальттоого жана «ЖП» ЖЧКсын трибуна, кийим алмаштыруучу жай, жарык орнотуу жана оңдоо-түзөө иштерине тартышкан. Курулуш иштери бүткөн соң фиктивдүү тендер уюштурулуп, жеңүүчү катары «С» жеке ишкери асфальттоо боюнча 8 миллион 494 миң 670 сом, «ЖП» ЖЧКсы 6 миллион 481 миң 394 сом сумманы утуп чыккан. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында «С» аттуу жеке ишкердин асфальттоо иштерин жүргүзүүгө лицензиясы жоктугу аныкталган. Ошондой эле тендердин шарты боюнча, аванс гана төлөнбөй, Баткен администрациясы жана Баткен мэриясынын жооптуу өкүлдөрүнүн атынан фирмаларга акча толук өлчөмдө которулган. Бул териштирүүдөн улам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.