Баткен шаарында 11-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-майда катталган. 18 жашка толгон 11-класстын окуучусу (кыз киши) чарбактагы бакка асынып алган. Кызды ооруканага алып барышкан, бирок аман алып калуу мүмкүн болгон эмес. Кыздын жакындары жансыз денени экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. «Үй-бүлөдө эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — дешти милициядан.