Баткенде 16 жаштагы кыз каза болду. Анын денесинин эки жерине бычак сайылган

Кечээ, 15-апрель күнү саат 21:05 чамасында Баткен облустук ооруканасына 16 жаштагы кызды денесинин эки жеринен алган (бычактан) жараат менен алып барышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Болжол менен жарым сааттан кийин кыз эсине келбей каза болгон. Аталган маалымат Баткен РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Азыркы учурда кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилди.