Баткенде 17 жаштагы бала теңтушунун көкүрөк тушуна бычак сайган

Баткенде эки бала пикир келишпестиктен улам бири экинчисине бычак сайган. Учурда жабырлануучу облустук биргелешкен ооруканасында дарыланууда, ден соолугу жакшы, абалы туруктуу. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

«8-февраль күнү 00:30дар чамасында 2008-жылы туулган М.Ч. өзүнүн таанышы 2008-жылы туулган А.Д. менен жолугуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Бирок түнү үйлөрүнө тарап кетишкен. Арадан убакыт өтүп, 9-февраль саат 6лар чамасында экөө кайра көчөдөн жолугуп, А.Д. өзүнүн жанындагы ашкана бычагы менен М.Чнын көкүрөгүнүн сол жагына сайып жиберген», — деп билдирет Баткен милициясы.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Баткен райондук сотунун чечими менен айыпкер А.Днын ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берилген. Милиция бул эки өспүрүм мектеп окуучулары эмес экендигин, 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып кеткендигин билдирет.