Баткенде 2 жашар кыз токмоктолуп ооруканага түштү. Өгөй ата кармалды

Баткенде 2 жашар кыздын ооруканага түшкөн фактысы боюнча жаңы жагдайлар билинип, өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткенде 2 жаштагы кыз денесинен жараат алып, 7-июнь күнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факты ошол эле күнү Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Бул окуя наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп окуяны тыкыр иликтеп, бул жагдай боюнча жыйналган материалда Кылмыш жаза кодексинин 138-беренесинде (уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан, кылмыш иши козголуп, аталган кылмыш иши боюнча наристе кыздын таянеси арыз менен кайрылган.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.