Баткенде 2 унаа сүзүшүп, аял киши каза болду. Жабыркагандардын арасында бала да бар

Баткендеги жол кырсыкта бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Кадамжай районунун Ноогардан айылында тактап айтканда, Ош-Баткен-Исфана жолунун 147-чакырымында катталган. Ауди менен Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 2 унаа сүзүшкөн. 1955-жылы туулган аял киши окуя болгон жерде каза болгон. Куткаруучулар тарабынан унаадан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Ал эми жол кырсыгынан жабыр тарткан 1988-жылы туулган эки жаран, 1952, 2018-жылы туулган жарандар Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.