Баткенде 22 жаштагы келин көз жумду. Милиция жолдошун кармады

Баткендин Кадамжай районунда 22 жаштагы келин каза болгон. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 2-январда катталган. Жакындарынын айтымында, келинди жолдошу сабаган.

Милициядан кылмыш иш боюнча анын жолдошуна айып тагылып кармалганын билдиришти. «Анын жолдошуна 122-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат», — дешти милициядан.