Баткенде 28 жаштагы жигит өз үйүндө уктап жаткан жеринен өлтүрүлдү. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Баткенде адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-августта саат 07:45 чамасында Лейлек РИИБге адам өлгөндүгү тууралуу кабар келген. Аталган жайга Лейлек РИИБдин жетекчилиги баш болгон тергөө тобу чыгып, Исфана шаарынын 28 жаштагы тургуну өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу курч миздүү нерсе сайылып каза болгондугу белгилүү болгон.

Бул факты Лейлек РИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери окуя боюнча атайын топ түзүшүп, кылмышка шектелип жаткан жарандын санаалашы — 21 жаштагы жигиттин үйүнө барышкан. Үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 21 даана октору менен, бир даана атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы, баштыкка оролгон наркотикалык зат, атайын бет кап жана атайын каражаттар катып койгон жеринен табылган.

Лейлек РИИБнин кызматкерлери алынган маалыматтарынын натыйжасында, адам өлтүрүп кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жеринен Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы тургуну Исфана шаарынан аныкталып, колго түшкөн. Мындан тышкары, 21 жаштагы кылмышка шектүүнүн санаалашы да кармалган.