Баткенде 30 миң доллар, 1,2 миллион сом салынган сейфти уурдоого шектүүлөр кармалды

Үйдүн ичиндеги акчаны сейфи менен кошо уурдаганга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылынын 37 жаштагы тургунунун үйүнө белгисиз жарандар кирип, үйүнүн ичиндеги темир сейфинде турган 30 миң долларын жана 1 миллион 200 миң сомун сейфи менен кошо уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул арыз Кадамжай РИИБге Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип ошол эле айылдын 46 жана 19 жаштагы тургундары кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган акчанын бир азы иштетилип кеткендиги аныкталып, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.