Баткенде 40тай баланы мыйзамсыз окутуп жаткан медресе аныкталды

Мыйзамсыз окутуу иштерин жүргүзгөн медресе аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын алынган ыкчам маалыматында Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн медресе бар экендиги маалым болгон. Текшерүүнүн натыйжасында, эч кандай уруксат кагазы жок, Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын 40ка жакын балдар ошол мекемеде жатып, мыйзамсыз диний сабактарды окуп жаткандыгы аныкталган. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБне мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамы боюнча катталып, тергөө иштери башталган.