Баткенде 47 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Баткенде 47 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Баткен ОИИБден тастыкташты.

14-август күнү саат 08:20 чамасында милицияга Баткен районунун Жаңы-Жер айылында Таш-Завод жактан өтүүчү суу агуучу каналда Баткен шаарынын тургуну 47 жаштагы аялдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча маалымат түшөт. Бул маалымат катталып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда анын өлүмүн себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.