Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан 189 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,3 га болгон З.Абдукаримов атындагы орто мектептин аймагынын бир бөлүгү болуп, мурда “Өспүрүм үмүтү” коомдук фонду тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды.