Баткенде 60 жаштагы киши дайынсыз болууда. Анын кийимдери суунун жээгинен табылды

Баткен районунда Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Бак айылынын тургуну 1961-жылы туулган эркек киши 14-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Аталган жарандын кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылган. 14-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 15 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. 20-май күнү издөө иштери улантылат.