Баткенде 7 тонна насвай алып кетип бара жаткан айдоочу кармалды

Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары бажы кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө товарларды алып өтүүнү токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. 

Аткезчиликке каршы иш-чаралардын алкагында Кыргыз жаранынын башкаруусундагы КамАЗ үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унааны текшерүү учурунда 7 тонна насвай табылган. Кырдаалды тактоодо насвай Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан алып келинип жатканы маалым болгон.