“Абактагы атаңды бошотуп берем” деп убада берип, 1,5 миллион сом акчасын алып, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун 28 жаштагы тургуну 2-октябрда арыз менен кайрылган. Анда Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну жабырлануучунун ишенимине кирип “абактагы атаңды бошотуп берем” деп убада берип 1,5 миллион сом акчасын алганын билдирген.
Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп шектүү кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.