Баткенде Абдыразак Паизовду милиция издеп жатат

Баткенде Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен шаарынын 1976-жылы туулган тургуну Паизов Абдыразак Тажибаевич изделип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

«Издөөдө жүргөн Абдыразак Тажибаевич боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө тобуна төмөнкү телефондөр аркылуу билдирип коюуңуздарды суранабыз. (03622) 5-00-68 , 0776-40-40-54; 0550-10-23-15″, — деп айтылат маалыматта.