Баткенде айдоочу темир тосмону сүзүп, унаада кыпчылып калган

Баткен облусунун Үч-Коргон айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-август күнү саат 23:53 чамасында Үч-Коргон айылынын Ош-Баткен-Исфана жолунун 93-чакырымында ПОРТЕР унаасы жолдун боюндагы темир тосмону сүзүп кырсыка учураган.

Жерине куткарууга Кадамжай райондук №76 ӨКБ жана Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБ биргеликте, унаада кыпчылып калган айдоочусун «103» тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы орто.