Баткенде алтын саткандарды сызга отургузган шектүү кармалды

Алтын буюмдарды алып, убадасын аткарбай качып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир ажы” борбордук базарындагы алтын саткан сатуучулар 2024-жылдын февраль, апрель айларында алтын буюмдарын аял баалашып алып, акчасын бербей качып жүрөт деп 4 арыз түшкөн.

Бул арыздар Кызыл-Кыя ШИИБге Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, ал сатуучуларга жалпы 286 миң 444 сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтиргендиги такталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш издөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү Ош шаарында качып жүргөн жеринен кармалган.  Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.