Баткенде аткезчилик жолу менен алып келинген 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер аныкталды

17 тоннадан ашык кургатылган жемиштердин контрабандасы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Баткен райондук сотунун санкциясынын негизинде, УКМКнын чек ара кызматы менен биргеликте, Баткен районунда Н.М.А.га таандык жеке жайына тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда Ош облусунун тургуну Ю.С.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы Volvo-FN жүк ташуучу унаа кармалып, ичинен жалпы салмагы 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер табылган.

Такталган боюнча, кургатылган мөмө-жемиштер мамлекеттик чек арадан сырткары жерлер аркылуу коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталды. Аталган унаа жүгү менен тергөө иш-аракеттери аяктаганга чейин УКМКнын «Достук» чек ара постуна жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.