Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан жүктөр аныкталды (сүрөт)

Баткен облусунда милиция кызматкерлери тарабынан аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүктөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

8-октябрь күнү Баткен ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын аймагында коңшулаш Тажик республикасынан аткезчилик жол менен ташылып кирген кургатылган мөмө жемиш, күрүч аныкталган. Бул материал Баткен ОИИБге катталып, Жазык кодексинин 223-беренеси (экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошондой эле ушул эле жылдын 8-октябрь күнү Лейлек районунун Булак-Башы айылынан Бешкент айыл аймагына кеткен айланма жолдон Кулунду айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерген учурда, эч кандай документи жок 330 кутучага лимон жүктөп бара жаткандыгы белгилүү болду. Чогултулган материал бажы кызматына өткөрүлүп берилди.