Баткенде аткезчилик күйүүчү май жана кубаттандыруучу суусундуктар аныкталды

Баткенде аткезчилик жол менен Тажикстандан Кыргызстанга ташылып келаткан күйүүчү май менен кубаттандыруучу суусундуктар аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-сентябрда Кожом-Булак тилкесиндеги чек ара отряды 2 миңден ашык банка Ягуар кубаттандыруучу суусундуктарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 36 жаштагы Хундай-Портер унаасынын айдоочусун аныкташкан. Ошол эле күнү Мазар аймагында чек арачылар 240 литр күйүүчү-майлоочу материалдарды Тажикстандын аймагына өткөрүүгө аракет кылган Кыргыз жарандарын кармашкан.