Баткенде аялы мыкаачылык менен өлтүрүлүп, күйөөсүнүн асынган абалда табылышы. Маркумдардын артында 3 уул, 1 кызы калды

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден маалымат беришип, Баткенде 35 жаштагы аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, жолдошу асынган абалда табылганын билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдардын атын атагысы келбеген жакыны алардын артында 3 уул, 1 кызы калганын айтты. «Жолдошуна жин кириптир, окуталы десе качып жүргөн экен дешти. Экөө бири-бирин жакшы көрүп эле үйлөнүшкөн. Балдарынын улуусу 9-класс, кичинекей кызы 4 жашта. Алардын сөөгү бүгүн жерге берилди», — деди ал.