Баткенде азык-түлүк уурдоого шектелген жарандар кармалды

Азык-түлүк уурдаганга шектелип Баткен районунда үч жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 34 жаштагы тургуну өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда жайгашкан дүкөнүнөн азык-түлүктөрдү жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарын 2023-жылдын январь, февраль айларында белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгын билдирип, март айынын орто чендеринде милицияга арыз менен кайрылган.

Бул маалымат Баткен РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарынын 25, 16 жана 21 жаштагы тургундар аныкталып 25-март күнү Баткен шаарынан кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.