Баткенде базардан өрт чыкты (сүрөт, видео)

Кечээ, 29-августта Баткен шаарынын Нургазиев көчөсүндө жайгашкан кийим сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Дүкөн борбордук базарга туташ көчөдө жайгашкан. Күбөлөрдүн айтымында, өрт 29-августта кечке жуук чыккан. Жалынды өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылып, өрт саат 23:53тө чектөөгө алынган. Өрттүн себеби жана андан жапа чеккендер тууралуу азырынча маалымат жок.