Баткенде өрттөн 5 тонна битум чыгым болду. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Кечээ, 4-июль күнү саат 19:55те түшкөн маалыматта Кызыл-Кыя шаарында өрт чыгып жаткандыгы тууралуу айтылган. Такталган маалыматка ылайык, БАМ тилкесинде жайгашкан битум заводунда контейнер өрттөнүп, жалынды өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 20:55те чектөөгө алынып, саат 21:16да толугу менен өчүрүлдү.120 чарчы метрге жеткен тилсиз жоонун кесепетинен 5 тонна битум чыгым болду. Өрттөн жабыр тарткандар болгон эмес.