Баткенде чек арачы октон каза болду. Аны өзүнүн шериги атып алган

Бүгүн, 1-июнда Баткен районунун Самаркандек айылында кыргызстандык чек арачы атылган октон каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Окуя саат 15:30 чамасында болгон. Самаркандектеги чек ара заставасында 2002-жылы туулган катардагы жоокер кызмат өтөө учурунда 2001-жылы туулган чек ара кезметинин ефрейторун «Калашников» үлгүсүндөгү куралы менен белгисиз себептерден атып алган. Жыйынтыгында ефрейтор ок тийген жерде каза тапкан. Кийин ок чыгарган жоокер өзүн оозунун алды тарабына ок атып оор жаракат алган. Ал азыркы учурда Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Аскер прокуратурасына маалымат берилди.