Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн 3 чет өлкөлүк кармалды

Баткенде чет өлкөнүн үч жараны мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, чет өлкөнүн 52, 27 жана 23 жаштагы жарандарын аныкташкан.

Алар Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, Баткен облусунун аймагында жүргөн жеринен кармалышкан. Азыркы күндө Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.